Жолдошова, Кулов, Бакир уулу: жаңы парламентке кимдер кирбей калды?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүү"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов.
Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен таанышып чыгып, Sputnik агенттиги учурдагы депутаттардын кимиси Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына келбей турганын иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Боршайкомдун алдын ала жарыялаган жыйынтыгы боюнча, жаңы праламентек тарлапкерлигин койгон учурдагы депутаттардын жок эле дегенде 20сы кайра өз ордун ээлей албайт.

Жекшемби күнү өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына КСДП, "Республики — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары келет.

Башка партиялар менен шайлоого аттанган эл өкүлдөрү депутаттык ой-тилектери менен кош айтышат.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ар-Намыс" партиясы менен чогуу аттанган тогуз депутат мандаттарынан айрылат. ЖКнын жаңы курамынан биз эми Феликс Куловду көрө албайбыз.
Ар-Намыс партиясы менен чогуу аттанган тогуз депутат мандаттарынан айрылат. ЖКнын жаңы курамынан биз эми Феликс Куловду көрө албайбыз. - Sputnik Кыргызстан
1/5
"Ар-Намыс" партиясы менен чогуу аттанган тогуз депутат мандаттарынан айрылат. ЖКнын жаңы курамынан биз эми Феликс Куловду көрө албайбыз.
© Фото / пресс-служба ЖК КРЖаңы парламентте айтылуу Жылдызкан Жолдошеванын үнү угулбай калат. Президентке "падыша" статусун ыйгаруу демилгеси менен көптүн оозун ачырган.
2/5
Жаңы парламентте айтылуу Жылдызкан Жолдошеванын үнү угулбай калат. Президентке "падыша" статусун ыйгаруу демилгеси менен көптүн оозун ачырган.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеш КРЖогорку Кеңештин кийинки чакырылышына Турсунбай Бакир уулу да өтпөй калды. Эл өкүлү парламентте кыска юбка кийип жүрүүгө тыюу салынышын талап кылган.
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына Турсунбай Бакир уулу да өтпөй калды. Эл өкүлү парламентте кыска юбка кийип жүрүүгө тыюу салынышын талап кылган. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына Турсунбай Бакир уулу да өтпөй калды. Эл өкүлү парламентте кыска юбка кийип жүрүүгө тыюу салынышын талап кылган.
© пресс-служба ЖК"Ата Мекен" партиясынан чыгып, Куловго кошулган Равшан Жээнбеков да бош калды.
Ата Мекен партиясынан чыгып, Куловго кошулган Равшан Жээнбеков да бош калды. - Sputnik Кыргызстан
4/5
"Ата Мекен" партиясынан чыгып, Куловго кошулган Равшан Жээнбеков да бош калды.
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Азаттык" партиясы да жети пайыздык босогодон өтө алган жок. Демек партиянын төрагасы Исмаил Исаков креслосунан айрылат.
Азаттык партиясы да жети пайыздык босогодон өтө алган жок. Демек партиянын төрагасы Исмаил Исаков креслосунан айрылат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
"Азаттык" партиясы да жети пайыздык босогодон өтө алган жок. Демек партиянын төрагасы Исмаил Исаков креслосунан айрылат.
1/5
"Ар-Намыс" партиясы менен чогуу аттанган тогуз депутат мандаттарынан айрылат. ЖКнын жаңы курамынан биз эми Феликс Куловду көрө албайбыз.
2/5
Жаңы парламентте айтылуу Жылдызкан Жолдошеванын үнү угулбай калат. Президентке "падыша" статусун ыйгаруу демилгеси менен көптүн оозун ачырган.
3/5
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына Турсунбай Бакир уулу да өтпөй калды. Эл өкүлү парламентте кыска юбка кийип жүрүүгө тыюу салынышын талап кылган.
4/5
"Ата Мекен" партиясынан чыгып, Куловго кошулган Равшан Жээнбеков да бош калды.
5/5
"Азаттык" партиясы да жети пайыздык босогодон өтө алган жок. Демек партиянын төрагасы Исмаил Исаков креслосунан айрылат.

Жаңы парламентте айтылуу Жылдызкан Жолдошеванын үнү угулбай калат. Саясатчы айым буга чейин "Ата-Журт" партиясынын таламын талашып келсе, бул шайлоого "Аалам — партиясыздардын партиясы" менен чогуу барып, депутаттыктан куру жалак калды. Ал Жогорку Кеңеште ишеп турганда  "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, вице-спикер Асия Сасыкбаева жана депутат Ирина Карамушкина менен чатакташып, көпчүлүктүн эсинде калды. Мындан тышкары, президентке "падыша" статусун ыйгаруу демилгеси менен көптүн оозун ачырганы да белгилүү.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттер үчүн өткөрүлгөн жыйында. - Sputnik Кыргызстан
БШК төрагасы шайлоонун расмий жыйынтыгы жакын арада жарыялана турганын убада кылды
"Ар-Намыс" партиясы менен чогуу аттанган тогуз депутат мандаттарынан айрылат. ЖКнын жаңы курамынан биз эми Феликс Куловду көрө албайбыз. "Ата Мекен" партиясынан чыгып, Куловго кошулган Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов да бош калышты.

Парламенттик кабарчылар эми чоңураак дем алып, ары-бери кенен баса турган болушту. Анткени кийинки чакырылышта журналисттердин баскан-турганын, жашоо тажрыйбасын, билимин текшерип турчу Надира Нурматова "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясына кошулуп, утулуп калды.

Жер тилкесин мыйзамсыз алган деп кылмыш иши козголгон Карганбек Самаков да депутат боло албайт. Ал көпчүлүктүн эсинде "Ала-Тоо" борбордук аянтына Манастын атын берүү демилгеси менен эсте калды.

Мындан тышкары, "Азаттык" партиясы да жети пайыздык босогодон өтө алган жок. Демек, анын курамындагы төрт депутат дароо креслосунан айрылат. Алардын арасында партиянын төрагасы Исмаил Исаков бар. Эл өкүлү соттор кийиминин өңүн ачык түскө алмаштырууну сунуштаган. Анын айтымында, кара өң кайгынын белгиси болуп саналат.

Эл аралык байкоочулар электрондук урнаны сүрөткө тартып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ миссиясы: Кыргызстанда шайлоо тартиптүү жана тынч өттү
Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына Турсунбай Бакир уулу да өтпөй калды. Эл өкүлү парламентте кыска юбка кийип жүрүүгө, ыйык Валентин күнүн белгилөөгө жана "Наша Russia" сериалын көрсөтүүгө тыюу салынышын талап кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын  көпкө создуктурбай, 18-октябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыялай турганын БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов белгиледи.

Алдын ала алынган жыйынтыктар боюнча Sputnik агенттигинин божомолунда КСДП 38 мандатка ээ болсо, "Республики — Ата-Журт" партиясына 28 орун тиет, ал эми "Кыргызстан" — 18 мандат алса, "Өнүгүү — Прогресс" — 13, "Бир Бол" — 12 жана "Ата Мекен" — 11 орунга ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0