"Кыргызстан" партиясынын өкүлү: мындан жогорку жыйынтык күткөнбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековРезультаты выборов в Жогорку Кенеш 2015
Результаты выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жыйынтыгы боюнча алты партия жети пайыздык босогодон өттү.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Кыргызстан" партиясы мындан жогорку жыйынтык күткөнүн уюмдун өкүлү Алмаз Турдумаматов билдирди.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары аталган босогодон өтүп, алдыга суурулуп чыгышканы маалым болгон.

"Биринчи жолу биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өттү. Мыйзам бузууларды каттап жаттык, бирок алар анча орчундуу болгон жок. Азырынча мен толук маалыматка ээ эмесмин. Бардык аймактан жыйынтыктарды чогултуп атабыз", — деди ал. 

Турдумаматов алдын ала маалымат боюнча "Кыргызстан" партиясы үчүнчү болуп келе жатканы менен мындан жогорку жыйынтык күтүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0