Азербайжан ЕАЭБ курамына кириши мүмкүн

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүДом правительства Азербайджана
Дом правительства Азербайджана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде беш мамлекет бар. Мындан тышкары, бир катар өлкөлөр бул уюм менен кызматташууга даяр экенин билдирүүдө.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Азербайжан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына кириши мүмкүн экенин Sputnik агенттигине өлкөнүн тышкы иштер министри Эльмар Мамедьяров билдирди.

Бажы көзөмөл аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир айдын ичинде КР менен ЕАЭБ ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулады
БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, министр өз сөзүндө "эч качан эч качан деп айтпоо" керектигин белгиледи. Анын айтымында, учурда Азербайжан Евразиялык мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүгө кызыкдар.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде евразиялык интеграциянын алкагында түзүлгөн экономикалык биримдик. 2015-жылы ЕАЭБге Армения менен Кыргызстан мүчө болду. Биримдиктин алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда товар, кызмат, капитал жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0