Ташиев каттоодон алынышы боюнча сотко доо арыз менен кайрылат

© Sputnik / Эркин АлымбековКамчыбек Ташиев. Архив
Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК мүчөсүнүн айтымында, Ташиевдин талапкерлигинин алынышына "Республика — Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы тарабынан үгүт мыйзамдарынын бир нече жолу бузулушу себеп болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттык үчүн ат салышкан Камчыбек Ташиев талапкерлигинин алынышы боюнча сотко доо арыз менен кайрыла турганын билдирди дейт БШК мүчөсү Канатбек Азиз.

БШК Ташиевдин талапкерлигин алып салды
Ташиевди каттоодон алып салууга "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахапов менен мушташуусунан улам Жалал-Абад ОИИБ тарабынан козголгон кылмыш иши негиз болгон. Чыр-чатак төртүнчү күнү болуп, жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Канатбек Азиздин айтымында, партия бир нече ирет мыйзам бузгандыктан, эскертүү берилди.

"Мушташ үгүт өнөктүгүнүн эрежесин бузуу болуп саналат. Партия буга чейин да бир катар мыйзам бузууга барган. Буга Ташиевдин "президенттик" партиянын көбүрөөк добуш алуусу үчүн түзүлгөн Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда кошумча шайлоо участкалары тууралуу маалымат таратканы мисал", — дейт БШК мүчөсү.

Ташиевди каттоодон алып салуу чечими БШКнын жыйынында кабыл алынды. Буга 11 кишинин тогузу макул болгон. "Республика — Ата-Журт" саясий партиясына расмий эскертүү жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0