Киселев: абалды туруксуздаштыруу ниетин кыргызга каршы аракет деп билем

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте өтүп жаткан "Евразия интгерациясындагы жаштардын ролу" аттуу форумунда Эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев.
Бишкекте өтүп жаткан Евразия интгерациясындагы жаштардын ролу аттуу форумунда Эл аралык Россия сегодня маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору жаштар форумунда эч ким үчүн үгүттөбөй турганын, Кыргызстандын жарандары өз тандоосун 4-октябрда парламенттик шайлоодо билдириши керектигин айтты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Революция — бул осол кадамдын жана өзүмчүлдүктүн белгиси экенин Бишкекте өтүп жаткан "Евразия интгерациясындагы жаштардын ролу" аттуу форумунда Эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев билдирди.

Өз сөзүндө агенттиктин жетекчиси Кыргызстанда жакын арада парламенттик шайлоо өтөрүн белгилеп өттү.

"Мен эч бир партияга үгүттөбөйм, жарандар жөн гана өз тандоосун айтышы керек. Эгер кимдир бирөө туура эмес иштерди жасаганы жатса, бул кыргызга каршы аракет деп билем. Революция — осол кадам жана өзүмчүлдүктүн белгиси", — деди Киселев.

Панкратов: ЕАЭБге кошулуу менен Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артты
Ал Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуу менен туура позицияны ээлегенин кошумчалады. Киселевдун айтымында, Кыргызстандын биримдикте бараандуу орду бар.

Иш-чара "ЕАЭБ: аймак аралык кызматташуунун келечеги" аттуу IV кыргыз-россиялык конференциянын алкагында өтүп жатат.

Форумда РФ Мамлекеттик Дума төрагасынын кеңешчиси Михаил Кротов, КР 'мгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев, Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык департаментинин директору Николай Тайвонен жана башкалар сөз сүйлөшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0