Сарпашев: шайлоочулардын тизмеси күн-түн дебей толукталып жатат

Жазылуу
Ушу тапта шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 807 миң 925 адам кирди.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 807 миң 925 адамга жеткенин биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Республикада биринчи жолу парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укук берген биометрикалык маалымат тапшыруу жараяны жүрүп жатат. 

Сарпашевдин айтымында, шайлоочулардын базасы 2 миллион 670 миң 480 жарандын маалыматынын негизинде түзүлдү.

"Такталбаган жарандардын саны 1 миң 700 адамды түзөт. Алар эч бир шайлоо участкасына катталган эмес. Бирок маалымат базасы күнү-түнү иштеп шайлоочулардын саны өзгөрүп турат", — деди биринчи вице-премьер.

Сарпашев ушу кезге чейин айрым шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай жатканын мойнуна алды.

Ошто 236 миң шайлоочудан 1,5 миң адам өздөрүн тизмеден табышкан эмес. Биринчи вице-премьер комиссия мүчөлөрү тизмени тактап жатышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0