Шайлоонун өтүшүнө акыйкатчы институту да көзөмөл жүргүзөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШайлоочу участкасынын биринде. Архив
Шайлоочу участкасынын биринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, акыйкатчы институтунун кызматкерлери керектүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү күч органдарына ыкчам маалыматтарды жиберип турат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жарандардын шайлоо укугун көзөмөлдөө максатында КР акыйкатчы институту шайлоо күнү участкаларда мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу омбудсмендин аппаратынан билдиришти.

КРде манжа издери менен өзүн тизмеден тапкандардын саны Монголияга караганда жогору болот
Шайлоонун таза өтүшүнө көзөмөл кылуу үчүн 4-октябрда акыйкатчы институту кадимки режимде иштейт.

Акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева кол койгон буйрукка жана мониторинг планына ылайык, институттун борбордук аппаратынын кызматкерлеринен жумушчу топтор түзүлүп, аймактарга бөлүштүрүлдү. 

Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, акыйкатчы институтунун кызматкерлери керектүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү күч органдарына ыкчам маалымат жиберип турат.

Жогорку Кеңешке шайлоо күнү акыйкатчы институтунун 66-33-32, 66-33-05 тынымсыз телефондору иштейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0