БШК Мырзакматовду талапкер катары каттабай турган болду

© пресс-служба ЖКОш шаарынын соттолгон экс-мэри Мелис Мырзакматов. Архив
Ош шаарынын соттолгон экс-мэри Мелис Мырзакматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК өз жыйынында "Ата Мекен" партиясынын тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Бирок комиссия мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, Мырзакматовго карата эркинен ажыратуу жөнүндө сот өкүмү чыккандыктан, аны талапкер катары каттабоо тууралуу өзүнчө чечим кабыл алынышы керек.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын соттолгон экс-мэри Мелис Мырзакматовду "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер катары каттабай турган болду.

Мелис Мырзакматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: Мелис Мырзакматов шайлоого катышпайт
БШК өз жыйынында "Ата Мекен" партиясынын тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Бирок комиссия мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, тизмедеги Мырзакматовго карата эркинен ажыратуу жөнүндө сот өкүмү чыккандыктан, аны талапкер катары каттабоо тууралуу өзүнчө чечим кабыл алынышы керек. Болбосо, Мырзакматов талапкер бойдон кала бермекчи.

Натыйжада БШК мүчөлөрү Мырзакматовду талапкерлигин каттабай тургандыгы жөнүндө жеке чечим чыгарууну туура көрдү.

Оштун мурунку мэри кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, Ош шаардык соту аны жети жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Учурда Мырзакматов эл аралык издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0