Президент Атамбаев АКШга барбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин АКШга иш сапары сентябрдын аягына пландаштырылган. Өлкө башчы Америкада БУУнун Башкы ассамблеясынын ишине катышмак.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айына пландаштырылган Америка Кошмо Штаттарына сапарынан баш тартканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-сапар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу ишке ашпай калды. 

Президенттик аппарат маалымдагандай, аталган сапарды пландоо учурунда парламенттик шайлоону ноябрь айында өткөрүү каралып жаткан. Мөөнөтү так аныкталгандан кийин сапар жокко чыгарылды.

"Шайлоо — мамлекеттин жашоосундагы мааниси чоң окуя. Андыктан президент бул учурда Кыргызстанда болушум керек деп чечти", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаевдин АКШга иш сапары сентябрдын аягына пландаштырылган. Өлкө башчы Америкада БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышмак. 

Мамлекет башчысы 3-сентябрда Кытайда өтө турган Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0