Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев кызматынан кетти

© Фото / Уланбек АсаналиевӨлкө башчысынын маалымат катчысы Жанар Акаев. Архив
Өлкө башчысынын маалымат катчысы Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого катышуу үчүн ал кызматынан кетти.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өлкө башчысынын маалымат катчысы Жанар Акаев күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого катыша тургандыктан кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын Sputnik маалымат агенттигине өзү билдирди.

Акаев президентинин басма сөз катчысы болуп февраль айынын башында дайындалган.

Акаевдин айтымында, анын ордуна азырынча ким келери аныктала элек.

4-октябрда боло турчу парламенттик шайлоого Жанар Акаев КСДП партиясы менен катышат. Талапкерлердин тизмесинде ал 7-орунда. Үй-бүлөлүү, бир баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0