Шайлоо алдында БШК менен партиялар этикалык кодекске кол коёт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоо участкаларында. Архив
Шайлоо участкаларында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төртүнчү сентябрга чейин партия тизмелери текшерилип, каттоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары, чүчүкулак кармалат. Шайлоого катышуу үчүн чоң жарышка түшкөн партиялардын саны 14кө жетти.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо алдында саясий партиялар менен этикалык кодекске кол коё турганын БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйынында билдирди.

БШКдан жалпы жонунан 14 партия каттоодон өттү.

Абдраимовдун айтымында, кол коюу аземине шайлоого катыша турган бардык партия лидерлери чакырылат.

"Мындан тышкары, өлкөбүзгө эл аралык байкоочулар келет, 204 маалымат каражаттары аккредитациядан өтүп, 23 маалымат агенттиги менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду", — деди төрага.

ЖМК байкоочулары 20-сентябрга чейин аккредитациядан өтүшү шарт. Абдраимов 26 чет мамлекетте 36 шайлоо участогу түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0