БШК: ЖК депутаттыгына талапкер чиновниктер үгүт учурунда кызматынан четтетилет

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүОтурумдагы кийим илгичтер. Архив
Отурумдагы кийим илгичтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин "Шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, каттоодон өтүп мамлекеттик, администрациялык, муниципалдык жана ЖМК кызматтарын аркалаган талапкерлер шайлоонун жыйынтыгы аныкталгыча өз ишин токтотуп турушу керек.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт маалында кайсы чиновник-талапкерлер кызматынан четтетилерин өз жыйынында аныктай турганын БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоодо тартипти 17 миң адам камсыз кылат
Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген. Талапка ылайык, 25-августка чейин саясий партиялар БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек.

Канатбек Азиздин айтымында, КР "Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ЖК депутаттары жана президенттен башка мамлекеттик саясий, администрациялык жана муниципалдык кызматтарды аркалаган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген талапкерлер каттоо мөөнөтүнөн баштап шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин өз кызматтарынан четтетилет.

"Бардык тизме дыкат иликтенип, ар бир талапкер каралып чыгат. Мыйзам талабына туура келген талапкер шайлоо өнөктүгү учурунда кызматын токтотуу боюнча арыз жазат", — деди ал.

Канатбек Азиз азырынча съезддерин өткөрүп, тизмесин аныктаганына карабай, бир дагы саясий партия талапкерлеринин тизмесин бере электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0