Президенттин маалымат кызматынын кызматкери маданият министринин орун басары болду

Жазылуу
Министрдин буга чейинки орун басары Айнура Темирбекова КСДП партиясынын штабына кеткени үчүн ордун өз ыктыяры өткөрүп берген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Альбина Дүйшөнбиева маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалганын өкмөттөн билдиришти.

Дүйшөнбиева буга чейин президенттин маалымат кызматында иштеген. Аны жаңы кызматка дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Министрликтеги булактын берген маалыматы боюнча, министрдин буга чейинки орун басары Айнура Темирбекова КСДП партиясынын штабына кеткени үчүн ордун өз ыктыяры өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0