БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялыгына жаңы 10 судья шайланып ант беришкенин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Жаңы шайланган судьялар 5 жылдык мөөнөткө дайындалды.
Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жаңы шайланган судьяларды өзүнүн жана Жогорку Соттун атынан куттуктап, судьялардын мыйзам чегинде иш алып баруусун, калыс жана адилеттүү болуусун каалап кетти.
Жаңы шайланган судьялардын курамы толук болбогондугуна байланыштуу, Свердлов райондук сотунун төрагасынын милдетин Доолотбек Турдукожоев аткарат. Свердлов райондук сотунда судьянын 15 оруну каралган, анын 10ну шайланды, дагы 5 оруну бош.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 8-августунда "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.