Сарпашев: тестирлөөнүн экинчи айлампасы 25-августтан 15-сентябрга чейин өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы тестирлөөгө 169 миң шайлоочу катышып, анын 160 миң жараны өзүн базадан аныктай алган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы ийгиликтүү болгондугун билдирди деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы.

Бул туурасында ал күздөгү шайлоону уюштурууга материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүчү республикалык штабдын кезектеги отурумунда айтты.

Анын маалыматында, алгачкы тестирлөөгө 169 миң шайлоочу катышып, анын 160 миң жараны, же 93,56 пайызы өзүн базадан аныктай алган.

"Тестирлөө эки миңден ашуун шайлоо участкаларында өттү. Жергиликтүү бийлик органдары иш жүзүндө тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу, аппаратуралар менен тыгыз таанышты. Эч кандай кыйынчылык жок экендигин дагы өз көзүңөр менен көрдүңүздөр. Эми экинчи ирет масштабдуу тестирлөөнү 25-августтан 15-сентябрга чейин өткөрөбүз", – деди Сарпашев.

Биринчи вице-премьер тестирлөөнүн негизги максаты – тизмени тактоо жана шайлоочулардын жаңы аппаратуралар менен иш жүзүндө тааныштыруу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0