Ош шаарына Кытай жаңы консулун дайындады

© пресс-служба мэрии города ОшОш мэри Айтмамат Кадырбаев шаарга жаңы дайындалган Кытайдын консулу Сун Лицюнь менен жолукту.
Ош мэри Айтмамат Кадырбаев шаарга жаңы дайындалган Кытайдын консулу Сун Лицюнь менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тарап соода, өнөр жай жана биргелешкен жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош мэри Айтмамат Кадырбаев шаарга жаңы дайындалган Кытайдын консулу Сун Лицюнь менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулаганы туурасында  шаар мэриясы билдирди. 

Мэр Кадырбаев дипломатиялык миссиянын өкүлүнө Ош шаары туурасында маалымат берип, анын өзгөчөлүктөрү, өнөр жай тармагы жөнүндө айтып берди.

Эки тарап соода, өнөр жай жана биргелешкен жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү. 

Андан сырткары, маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0