Беш миллион сомдук шайлоо күрөөсүн үч гана партия койду

Жазылуу
Күздө боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын ичинен шайлоо күрөөсүн үч гана – "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Бир Бол" партиялары койду. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Азиз билдирди.

Акча салынган банка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Партиялар мамлекеттик банктарда атайын эсеп ачышы керек
Күздө боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирип, алардын 30у гана банктагы шайлоо эсебин расмий көрсөткөн. Быйылкы парламенттик шайлоонун күрөөсү беш миллион сом. Шайлоочулардын эң аз дегенде беш пайыз добушун алган саясий партиялар гана  күрөөгө койгон акчаларын кайра ала алышат. 

Саясий партиялардын өкүлдөрүн каттоо 2-августта аяктаган. Андыктан 7-августка чейин партиялар банктагы атайын эсептерин ачып, аларды БШКга билдириши керек болчу. 

Шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда расмий башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0