Парламенттик шайлоого карата кошумча аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖители Бишкека на одном из избирательных участков города. Архивное фото
Жители Бишкека на одном из избирательных участков города. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий партиялардын протоколуна шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө талапкердин макулдугу жана КРдин шайлоо кодексинин ченемдерин сактоого милдеттенери тууралуу арызына, паспортунун көчүрмөсү, өмүр баяны жана дареги тууралуу маалымат тиркелиши керек.

БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Жашаган жери боюнча каттоого турбаган жарандардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсү үчүн убактылуу кошумча аймактык шайлоо комиссиялары түзүлө турганын БШК маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, 3-августтан тартып аталган комиссия курамына партия өкүлдөрүнүн талапкерлигин көрсөтүү башталды. Талап боюнча, комиссияга мүчө боло турган адам ошол аймакта жашашы керек.

Шайлоочулардын негизги тизмеси 15-августка чейин БШКга тапшырылат
Аймактык шайлоо комиссиясына жарандык коомдон, уюмдардан чыккан талапкерлер боюнча протоколуна жыйын төрагасы жана катчысынын колу коюлушу керек. Саясий партиялардын протоколуна шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө талапкердин макулдугу жана КРдин шайлоо кодексинин ченемдерин сактоого милдеттенери тууралуу арызына, паспортунун көчүрмөсү, өмүр баяны жана дареги тууралуу маалымат тиркелиши керек.

Саясий партиялардын арыздары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 10-августта саат 18.00гө чейин кабыл алынат. 

Жарандык коом жана уюмдар өз арыздарын Бишкек шаардык кеңешине 10-августта саат 18.00гө чейин тапшыра алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0