Сарпашев: биометрикалык маалымат чогулта албаган акимдер кызматынан кетет

Жазылуу
Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбековдун айтымында, аталган аймактын 16 жаштан жогору 28 миң тургуну биометрикалык каттоодон өткөн.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Нарын облусунун бардык 165 шайлоо участкаларында манжа издери боюнча шайлоочулардын ким экени текшериле турганын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Учурда Сарпашев Нарын облусунда аймактын активдери менен жолугуп, биометрикалык маалымат чогултуунун экинчи баскычын текшерип жүрөт.

Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбековдун айтымында, аталган аймактын 16 жаштан жогору 28 миң тургуну биометрикалык каттоодон өткөн.

"Бул жалпы аймакта туруктуу жашаган калктын 88 пайызын түзөт", — деди аким.

Ал эми Жумгал районунун акими Абылгазы Имангазиев биометрикалык маалыматты район тургундарынын 85 пайызы тапшырганын билдирди.

"Жумгал боюнча ар түрдүү себептер менен 900 адам бмометрикалык каттоодон өтө элек. Эки жуманын аралыгында жашоочулардын баарынан биометрикалык маалымат чогултууну аяктайбыз", — деди Имангазиев.

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын менен Таласта биометрикалык маалымат чогултуунун жүрүшү текшерилет
Сарпашев өз кезегинде Нарын облусунун бардык 165 шайлоо участкаларында манжа издери боюнча шайлоочулардын аты-жөнү текшериле турганын белгилеп, бул иштер алгач Баткен облусунан башталарын кошумчалады. 

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик органдарына 15-августка чейин биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин аныктоону тапшырып, коюлган талаптарды өз мөөнөтүндө аткарбаган акимдер кызмат ордунан бошотуларын баса белгиледи.

Сарпашевдин иш сапары 23-июлда Талас облусунун активдери менен жолугушкандан кийин аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0