Премьер Кемин подстанциясынын жанындагы цемент заводунун курулушун токтотууну тапшырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЦемент чыпталары. Архив
Цемент чыпталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев аталган заводдон тараган чаң подстанциянын чубалгы жана жабдыктарына зыянын тийгизип, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна шек жаратышы мүмкүндүгүн белгиледи.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Темир Сариев Чүй облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Кемин подстанциясына жакын курулуп жактан цемент заводдун курулушун токтотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр аталган заводдон тараган чаң подстанциянын чубалгы жана жабдыктарына зыянын тийгизип, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна шек жаратышы мүмкүндүгүн белгиледи.

"Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун маселеси. Датка-Кемин долбооруна мамлекет 400 миллион доллар жумшады. Дал ушунча каражат жумшалган долбоорго шалаакалыктын айынан зыян келбеши керек. Ошондуктан, цемент заводдун курулушун токтотуу керек. Биз мамлекеттин кызыкчылыгын бардык маселеден жогору коюшубуз керек" – деди Темир Сариев.

Премьер-министр буга чейин өкмөт алдындагы Техникалык экологиялык инспекциясына заводдун курулушун токтотуу тапшырмасы берилгенине карабай курулуш уланып жатканы үчүн түшүндүрмө талап кылды. Бул үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүп буйрукту аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0