ШКУнун кезектеги саммити анын масштабын кеңейтүү кадамы менен аяктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүШКУ мамлекеттеринин өлкө башчылары. Архив
ШКУ мамлекеттеринин өлкө башчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Уфада Атамбаев ШКУнун Саммитине даярдык көрүү боюнча россиялык тараптын жүргүзгөн масштабдуу ишин белгиледи.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. ШКУнун Башкырстан борбору Уфа шаарындагы кезектеги саммити Индия менен Пакистандын уюмга кабыл алуу иштерин баштоо, Белоруссияга байкоочулук макамдын берүү жана Азербайжан, Армения, Непал менен Камбоджага ШКУ диалогу боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу чечимин кабыл алуу менен аяктады.

ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин отурумунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев аймакташ өлкөлөргө тиешелүү чек ара, дүйнөлүк алкактагы радикалдуу экстремизм маселелерине башкалардын көңүлүн бурду.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында 16 документке кол коюлду.

  • ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Уфа декларациясы.
  • 2025-жылдарга чейин ШКУну өнүктүрүү Стратегиясын бекитүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • 2016-2018-жылдары терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын кызматташуу Программасын бекитүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Индия Республикасын Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Пакистан Ислам Республикасын Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • ШКУнун өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу Шанхай Кызматташуу Уюмунун Башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2014-жылдагы ишмердиги тууралуу Шанхай Кызматташуу Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин докладын бекитүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Шанхай Кызматташуу Уюмунун Башкы катчысынын жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Шанхай Кызматташуу Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин Директору жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Шанхай Кызматташуу Уюмунун Конвенциясынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Беларусь Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун байкоочу-мамлекети статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Азербайжан Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Армения Республикасына Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин чек ара маселелери боюнча өз ара кызматташуусу жана өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө Макулдашуу.
  • Непалга Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
  • Камбоджага Шанхай Кызматташуу Уюмунун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгаруу жөнүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин чечими.
Жаңылыктар түрмөгү
0