Бишкектин райондук сотторунун төрагалары биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө шайланды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп Эрнис Чоткараев, Ленин райондук сотунун төрагалыгына Аида Сейдакматова шайланды.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук сотторунун төрагалары шайланганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Соттор биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө шайланды.

Сот өтүүчү зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сот системасын программалык бюджеттөө талкууланды
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп Эрнис Чоткараев, Ленин райондук сотунун төрагалыгына Аида Сейдакматова келди.

Шейшемби күнү, 7-июлда Жогорку Сотто Октябрь райондук сотунун жаңы шайланган соттордун ант берүү расмий аземи болуп, ага Жогорку Соттунун төрайымы Феруза Жамашева жана башка соттор катышкан.

17-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун жаңы шайланган соттору ант беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0