Иманалиев Германия депутаттарын ЖКнын шайлоосуна байкоочу болууга чакырды

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоо. Архив
Шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиялык депутат Грунд Жогорку Кеңештин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда жарандык коом абдан активдүү деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев башында турган депутаттар тобу 6-июлда депутат Манфред Грунд баш болгон Германиянын парламентинин депутаттары менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирет. 

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Иманалиев жолугушуу учурунда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, үстүбүздөгү жылы парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтарды колдонуу аркылуу өтө тургандыгын маалымдады.

"Мындай иш-аракеттер ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө өбөлгө болот", — деди эл өкүлү. Иманалиев Германия парламентинин депутаттарын парламенттик шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды. 

Германия парламентинин депутаты Грунд Германия парламентинин Борбор Азия тобун жетектерине, бул жылы топтун башкы темасы Кыргызстан болоруна токтолду. Анын айтымында, парламенттик демократияны бекемдөө абдан татаал иш, бирок бул багытта Кыргызстанда бир катар ийгиликтер бар. Грунд республикада жарандык коом абдан активдүү экен деген пикирин айтты.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0