ЖК спикери парламенттин беш жылдык иши боюнча маалымат берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин беш жылда аткарган иштери туурасында маалымат жыйын өткөрөт.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн парламенттин беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2010-жылдын 10-ноябрында алгачкы жыйын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Ал беш фракциядан курулуп, 120 депутаттан турат.

30-июнда парламенттин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар эс алууга кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0