Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун кароо күзгө жылдырылды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш. Архив
Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иманалиев коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугуна тийиштүү айрым мыйзам долбоорлор коомчулукта түрдүү пикир жаратканын белгилейт.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун кароо күзгө жылдырылганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев тарабынан демилгеленген. Долбоор бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Дүйшөмбү күнү эл аралык иштер боюнча комитеттин жетекчиси Каныбек Иманалиев БУУнун БАшкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарын жана анын эл аралык конференцияга катышуусун КРдагы демократия менен парламентаризмдин өнүгүүсүн колдоо катары кабыл алынууда. Бул мисал келечекте Борбордук Азия аймагына үлгү болушу мүмкүн.

"Коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугуна тийиштүү айрым мыйзам долбоорлор коомчулукта түрдүү пикир жаратып келет. Муну менен бирге аталган уюмдар демократиянын жана жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн чоң салым кошту", — дейт Иманалиев.

Эл өкүлү мыйзам долбоорунда сунушталган маселелер боюнча талкууну улантууга макул болгон демилгечилерге ыраазылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0