Парламенттеги оппозициячыл фракциянын депутаттар курамы жаңыланды

© Sputnik / Табылды КадырбековРука мужчины на столе. Архивное фото
Рука мужчины на столе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмасбек Абытов Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болуп дайындалган Курмантай Абдиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Парламенттин жыйынында "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Алмасбек Абытов ант берди. 

Депутат Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Журт" фракциясы жаңы лидерин шайлады
Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Абытовду кыргыз парламентинин депутаты болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгилик каалады.

Абытов Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болуп дайындалган Курмантай Абдиевдин ордуна келди. Ал буга чейин Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген. 

17-июнда БШКда Абытовго депутаттык төш белги менен көбөлүк тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0