"Ата-Журт" фракциясы жаңы лидерин шайлады

© пресс-служба ЖК КРДепутат Дастан Жумабеков. Архив
Депутат Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары 11-июнда Жылдызкан Жолдошеваны фракция лидерлигинен четтетүү чечимин кабыл алганын билдирген.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. "Ата-Журт" парламенттик фракциясы жаңы лидер шайлаганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.

"Ата Журттун" лидери Жолдошова өкмөт башчысынын отставкасын терең кайгырып кабыл алды
11-март күнү парламент жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков Жылдызкан Жолдошева лидерликтен четтетилгенин маалымдаган. Жолдошева кабыл алынган чечим менен макул эместигин билдирип, кызматынан мыйзам чегинде – фракция жыйынындагы добуш берүүнүн негизинде гана кетерин айткан. 

Маалыматта фракциянын кезектеги жыйынында ачык добуш берүүнүн натыйжасында лидерликке Дастан Жумабековдун шайланганы кабарланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0