КП: депутатты чакыртып алуу боюнча жергиликтүү кеңештин демилгеси мыйзамга туура келбейт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүНа пленарном заседании. Архивное фото
На пленарном заседании. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутатты чакыртып алуу – эл бийлигинин бөтөнчө мүнөзгө ээ институту болуп саналат. Ал шайланган жарандын эл алдындагы жоопкерчилигин шарттайт.

БИШКЕК, 12-июнь— Sputnik. Конституциялык палата жергиликтүү кеңеш депутатты мандатынан ажыратууга мыйзам жол бербейт деген чечим чыгарганын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, палатага Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык кеңеши ошол эле аймактын депутаты Жусубалиеванын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча токтом менен кайрылган. Депутаттык мандаттан ажыратууга Жусубалиеванын айылдык кеңештин чечимдерин аткарбагандыгы себеп болгон. 

"Токтом "Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамында каралган депутаттын кеңеш жыйындарын бир нече жолу катары менен себепсиз калтыруусу жана кеңештин чечимдери менен буйруктарын аткарбагандыгы тууралуу берененин негизинде чыгарылган. Бирок бийликтик ээси Кыргызстандын эли болгондуктан, палата жергиликтүү кеңештин депутат Жусубалиеванын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапты. Мыйзам боюнча депутатты шайлоочулар гана чакыртып ала алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Депутатты чакыртып алуу — эл бийлигинин бөтөнчө мүнөзгө ээ институту болуп саналат. Ал шайланган жарандын эл алдындагы жоопкерчилигин шарттайт. 

Мындан улам, Жогорку Кеңешке Баш мыйзамда жазылган пикир келишпестиктерди жоюу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0