Депутат мэр Кулматовдун отставкасын талап кылуу зарыл деген пикирде

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекМэр Кубанычбек Кулматов. Архив
Мэр Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын бир катар депутаттары Бишкек шаарынын мэринин ишине ыраазы эместигин билдиришти.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов Бишкек шаары шамалга туруштук бере албай калгандыгын сынга алып, тиешелүү иш жүргүзбөй жатат деп мэр Кубанычбек Кулматовдун отставкасын талап кылуу керектигин айтты.

Анын сөзүнө караганда, жакында болгон катуу  шамал шаар жаратылыш кырсыктарына  даяр эмес экенин көрсөттү.

"Дарактар сугарылбагандыктан, шамалга туруштук бере албай кулап түшүп, кишилерди басып калып жатат. Кырсыктан 13 жашар кыз каза болду. Эл материалдык зыянга учурады, буга ким жооп берерин билген киши жок", — деди депутат Калмаматов.

Депутат, андан сырткары, шаар каралбай, таштанды басып кеткенине эл нааразы болуп жаткандыгын айтып, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун оставкасын талап кылуу керек деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0