Троллейбус башкармалыгынын мурдагы жетекчиси вице-мэр болду

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаГеннадий Милицкий. Архивное фото
Геннадий Милицкий. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Милицкий Бишкек троллейбус башкармалыгын жетектеп келген.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Геннадий Милицкий Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Тийиштүү буйрукка шаар мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.

Милицкий сынак жарыяланганга чейин унаа маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин аткарып турат.

Ал 2012-жылдан тарта Бишкек троллейбус башкармалыгын жетектеп келген. Милицкий өткөн жылдын ноябрь айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен Олег Попиковдун ордуна барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0