Сариев Астанада өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын алкагында Сариев Казакстандын, Белоруссиянын, Тажикстандын жана Армениянын премьер-министрлери менен жолугат. 29-майда аны Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Премьер-министри Темир Сариев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Назарбаев Евразиялык экономикалык мейкиндик түзүүнү сунуштады
Жыйындын алкагында Темир Сариев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов жана Белоруссиянын премьери Андрей Кобяков менен жолугуп, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларды талкуулайт.

Ошондой эле, Тажикстандын жана Армениянын өкмөт башчылары менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

29-майда Сариев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугат.

Андан кийин КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0