Ардамина менен Епифанцев Бишкек шаардык кеңештин катарынан расмий чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель көтөргөн киши, Архив
Портфель көтөргөн киши, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңеште "Замандаш" фракциясынын атынан депутат болгондор өз ордун тапшыруу боюнча дүйшөмбү күнү эле билдиришкен. Ошондой эле, алар "Замандаш" партиясынан да чыгууда.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеште "Замандаш" фракциясынын атынан депутат болгон Любовь Ардамина менен Станислав Епифанцев депутаттык мандатын тапшырып жатканын шаардык кеңештин жыйынында расмий түрдө жарыялашты.

Епифанцевдун айтымында, алар кызматын өз ыктыяры менен тапшырышууда.

"Депутаттык мандатты тапшыруу "Замандаш" партиясынан чыгып жатканыма байланыштуу", — деди ал.

Аталган партиянын атынан Бишкек шаардык кеңеште алты депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0