Рыспаев Улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүОтургуч менен портфель. Архив
Отургуч менен портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациянын башчысы болуп иштеген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бакыт Рыспаев КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Ал буга чейин Рыспаев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациянын башчысы болуп иштеген.

Мамлекеттик агенттиктин буга чейинки директору Накен Касиев март айынын аягында кызматынан бошотулган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0