Песков: Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча жумушчу маанайдагы талкуу болот

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков КМШнын жетекчилеринин бейформал жолугушуусунун аягында, Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ЕАЭБге кирүү боюнча маанилүү учурлар талкууланаарын айтты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча сйлөшүүлөрү жыйынтык этабына келип калды деп билдирди Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге. 

"КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусунан кийин, Алмазбек Атамбаев катышкан Жогорку советтин талкуусу болот. Бул талкуу Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн аягында болуп жаткандыгы менен маанилүү. Албетте, бул жөнөкөй иш эмес, андыктан сүйлөшүүлөр чындыгында эле жумушчу маанайда болот", — деди Песков. 

9-майда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү күтүлүп жатат. Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Ал эми КРдин ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишимге Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюлган.

 

 

 

 

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0