Сариев: жолдорду куруп-оңдоого каражат табылат

Жазылуу
Жакынкы күндөрү Сариев Бишкектин мэрин шаар жолдорунун абалын өзү көрсөтүү үчүн алып чыккан эле. Эми премьер Транспорт министрлигине респубилка боюнча жолдорду оңдоп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын жаңы премьер-министри Темир Сариев өкмөттүн жакында дайындалган эки мүчөсү — каржы министри Адылбек Касымалиев менен Транспорт жана байланыш министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаевди кабыл алды. 

Сариев: өкмөттө темирдей тартип орнотобуз
Премьердин ордун ээлегенден кийин Сариев эң алгач борбор калаанын жолдорун оңдоо иштерине кызыгып, өткөн аптанын акырында шаар мэрин жолдордун абалын жеке көрсөтүү үчүн алып чыкты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, 5-майда өкмөт башчысы министрлер менен КРдин унаа тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Ал аталган тармакта кыска мөөнөттө чечилиши керек болгон олуттуу маселелер бар экенин белгиледи.

"Атап айтканда, биз ири магистралдык жолдорду куруу жана оңдоо маселесин чечүүбүз керек. Аларга альтернативалуу түндүк — түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт, Суусамыр — Талас — Тараз, Ош — Баткен — Исфана жолдору кирет", — деди Сариев.

Ал Транспорт жана байланыш министрлигине жер-жерлере барып өлкө боюнча жолдордун абалына шашылыш түрдө мониторинг жүргүзүүнү, ал эми Каржы министрлигине республиканын аймагындагы жолдорду оңдоо жана куруу иштерине кошумча каражаттарды таап бөлүүнү тапшырды. 

"Бул максаттар үчүн кошумча каражат табылат. Өкмөт Кыргызстандагы жол меселелсин чечүүдө колдоо көрсөтөт", — деди премьер. 

Ошондой эле өкмөт башчысы өлкөнүн темир жол тармагындагы маселени да козгоду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул тармакта маселе көп, анын ичинде коррупциялык схемалар, вагондор менен жалпы пайдаланылуучу жерлердеги тазалык меселеси, вагондорду коштоп жүрүүчүлөрүн жүргүнчүлөргө карата орой мамилелери ж.б.

Каржы министрлиги бала бакчаларга кошумча каражат таба албай турат - Sputnik Кыргызстан
Каржы министрлиги бала бакчаларга кошумча каражат таба албай турат
Ушуга байланыштуу Сариев "Кыргыз темир жолу" ишин жакшыртуу жол-жоболорун иштеп чыгуу, өлкө ичиндеги темир жол каттамдарын кеңейти өстүрүү, ошондой эле тийиштүү транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү Малабаевге тапшырды деп айтылат пресс-релизде. 

Сариевди премьер-министрликке дайындоо жөнүндө жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев ишемби күнү кол койгон. Мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев өзүнүн кызматтан кетүүсү тууралуу 23-апрелде, парламент министрлер кабинетинин ишин канааттандырарлык деп тааныгандан кийин билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0