Ош шаарында КР менен РФтин депутаттарынын жыйыны өтөт

© Фото / cercamonГород Ош. Архивное фото
Город Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Кыргызстан менен Россиянын парламенттеринин комиссиянын отуруму өтүп, Ош облусунун жана мэриянын жетекчилери жолугат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарында Жогорку Кеңеши менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламент аралык комиссиянын VI отуруму болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага парламент аралык комиссиянын тең төрагалары — ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен РФ Мамлекеттик думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Заварзин жетектеген депутаттар тобу катышат. 

Жыйындын катышуучулары Ош мамлекеттик университетинин иши менен таанышып, өкмөттүн Ош областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. 

Андан сырткары Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болот. Ушул эле күнү парламентчилер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Өчпөс отко гүл чамбар коюшат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0