Кыргызстан Белоруссияга элчисин кайта жибериши мүмкүн

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМинск шаары. Архив
Минск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч жылдан бери Кыргызстандын Белоруссияда элчиси жок. Учурда Кыргызстандын Минск шаарында убактылуу өкүлү гана бар.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстан Белоруссияга өз элчисин кайтадан жибере турганын КР тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан ЕКПАнын колдоосун өтүндү
Акыркы үч жылдан бери Кыргызстандын Белоруссияда элчиси жок. Аталган мамлекетте акыркы жолу Ишенгүл Болжурова элчи болгон. Учурда Кыргызстандын Минск шаарында убактылуу өкүлү гана бар.

Бешимовдун айтымында, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн алкаганда Белоруссия менен дипломатиялык байланыштарын калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө.

Ошондой эле ал сунушталган талапкерлердин ичинен бирөөнү тандоо үчүн Белоруссиянын бийлигине кайрылуу (талапкерди жактыруу үчүн сурам) жиберилгенин кошумчалады. Бешимов маалыматтын жашыруундугун жүйө келтирип, ТИМ кайсы талапкерди элчи кылып дайындоого ниеттенип жатканын так айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0