Койсун Курманалиева ээлеген кызматынан бошотулду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКийим илгич. Архив
Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиеванын кызматтан кетүү боюнча жазган арызы канааттандырылды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Койсун Курманалиева өзү берген арызына ылайык, өкмөтүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Курманалиева апрель окуяларынын беш жылдыгына арналган иш-чарада кызматтан кетип жатканын билдирген болчу.

Ал өкмөттүн Талас облусундагы  ыйгарымдуу өкүлү болуп 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0