Боронов: реформа десе эле кызматкерлерди кыскартуу деп түшүнбөш керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Кубатбек Боронов. Архивное фото
Министр чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Кубатбек Боронов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаттары министрликтердин санын кыскартып, ага кеткен каражаттын жана мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу боюнча реформаны жасоо маселесин ЖКдагы жыйында дагы бир ирет айтышты

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште дүйшөмбүдө өткөн жыйында Кыргызстандын каржылык-экономикалык кырдаалы талкууланып, анда министрликтер менен мекемелерди азайтуу боюнча сөз болду.

Өкмөттүн 2015-жылда жасай турган иштери атайын китепче болуп чыкты
Парламенттеги "Ар-Намыс" фракциясынын башчысы Феликс Кулов бул боюнча өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуш кылган. Депутат айрым министрликтерге кеткен каражатты жана мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, аларды департамент деңгээлинде түшүрүүнү айткан. Өзгөчө кырдаалдар жана Миграция министрлигин Ички иштер министрлигине каратуу туурасында сөз болгон.

Кыскартуу боюнча пикирин билдирген Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов буга каршы экендигин билдирип, реформа кызматкерлерди кыскартуу менен ишке ашпастыгын атты. 

"Буга каршымын, албетте, сөзсүз түрдө үнөм болушу керек, бирок бул кыскартуу жолу менен эмес. Реформа десе эле ар бир министрликтерде кызматкерлерди 10 же 20 пайыз кыскартуу деп түшүнөт. Жыйынтыгында карасаң, ошол эле чыгым менен калат. Министрлик түзүлгөндөн кийин ошону майнаптуу иштешин кароо зарыл. Эмнени кыскартыш керектигин өкмөттүн деңгээлинде карайлычы. Бул сунушта айыл чарба министрлигин жок кылыш керек деген маселе турат. Мен буга каршымын, союз учурунда авангарддык министрлик болгон, биз агрардык мамлекетпиз, анын аткарган иштерин карап, ыйгарым укуктарын көбөйтүш керек… Ал эми ӨКМ менен Ички иштер министрлигинин функциясы эки башка, булар бири-бирине такыр коошпойт", — деди Боронов.

Учурда Кыргызстанда 15 министрлик, 7 мамлекеттик кызмат жана 10 мамлекеттик кызмат бар. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 15 450 адам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0