Мамытов: отставка туурасында ой болгон, бирок, азыр чече элекмин

Жазылуу
"Кыргызалтын" ААКтын жетекчиси Токон Мамытов анын отставкасы парламентке да, консультативдик кеңешке да байланыштуу эмес экендигин айтты. Кызматтан кетүү жөнүндө арыз берүүгө жеке өзү ниеттенип жаткандыгын, бирок, акыркы чечим кабыл алына электигин билдирди.

БИШКЕК, 9-апр — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКтын жетекчиси Токон Мамытов Sputnik маалымат сайтына берген маегинде мындан бир аз мурдараак кызматтан кетүү туурасында ой болгонун, бирок азырынча коё турууну чечкенин айтты. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында анын отставкасы туурасында жазылган маалыматтарга комментарий берип жатып, кечээ бул маселе курч турганын, бирок ал жагдай өзгөргөнүн билдирди. 

"Отставка маселеси парламентке да, консультативдик кеңешке да байланыштуу эмес. Буга эч ким таасир да кылган жок жана акыркы чечим да кабыл алына элек ", — деди Мамытов.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ирсалиев отставкага кетти
Ал "Кумтөр" боюнча өкмөттүн чечимине макул эместигин билдирди. 

"Кыргызалтын" жетекчиси өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы жана компаниянын директорлор кеңешин менен иштиктүү, кадыресе мамилелер сакталып калгандыгын айтты.

Мамлекеттик мүлк боюнча Фонддун башчысы Дүйшөн Ирсалиев премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен "Кумтөр" боюнча чатакташып кеткендигине байланыштуу ишинен кеткен. Муну премьер-министр Ирсалиевдин ыйгарымдуу кызматтык укуктарын ашыкча жогорулатып жибергендиги менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0