Атамбаев: Европа Биримдиги менен Россиянын позицияларын жакындатууга мүмкүн болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында 26-мартта Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолукту
Алмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында 26-мартта Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олланд, Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Украина, Молдовага байланыштуу ЕБдин аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Франция президенти Франсуа Олланд, Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолуккандан кийин, Украина, Молдовага байланыштуу ЕБдин аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында 26-мартта Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугуп, тараптардын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Шульц жолугушууну жыйынтыктап, ал майнаптуу болгондугун айтты. 

"Биз ойлорубуз менен ачык-айрым бөлүштүк, жолугушуу мага терең таасир калтырды. Ушул жолугушуудан кийин Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк мындан да маанилүү болооруна ишенем. Урматтуу президент, Европа парламенти Сизге дайыма колдоо көрсөтөт деп ишенимдүү билдире алам. Жылдын II жарымында Кыргызстанга барганы жатам, ошондо дискуссияны улантабыз деп ишенем" — деди Шульц.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олланд, Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Украина, Молдовага байланыштуу Европа союзунун аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда жылдын II жарымына сапары болжолдонгон Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульцту чыдамсыздык менен күтүшөөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0