Австрия Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолун тандап алгандыгын колдойт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолукту.
Атамбаев Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Европа мамлекеттерине болгон расмий иш сапарынын алкагында Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолукту.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Австрияга жасаган расмий сапарынын алкагында Вена шаарында Хайнц Фишер менен "Хофбург" президенттик ак сарайында жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Европага болгон расмий сапарынын алкагында Австрияга келди
Атамбаев менен Австриянын президенти Фишер эл аралык абал боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулап, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттары боюнча ойлорун айтышты.

Австриянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанда болгонун айтып, эми Атамбаевдин Австрияга келүү тууралуу чечим кабыл алганына ыраазычылык билдирди.

"Биздин өлкөлөрүбүздүн көп жалпылыктары бар, Кыргызстан парламенттик башкаруудагы, демократиялык принциптерди туу туткан өлкө. Демократия — татаал иш, ошондуктан, биз Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын колдойбуз", — деди Фишер.

Ал ошондой эле, Кыргызстанда коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, Кыргызстандын Эл аралык антикоррупциялык академияга кошулуу тууралуу чечимин колдой тургандыгын кошумчалады.

Атамбаев Кыргызстан менен Европа биримдигинин элдеринин жалпы демократиялык баалуулуктары бар экендигин жана эки мамлекеттин ортосунда ишке ашырылбаган кызматташуу потенциалы жөнүндө белгилеп өттү. 

"Бизди Европа биримдигинин беш мамлекетине чакыруу – бул Кыргызстанда демократия орнотулуп жаткандыгына Европа ишеним артып кабыл алгандыгын билдирет. Экономикада жана саясатта биригип көп нерселерди ишке ашырабыз деп ишенем", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин алардын катышуусу менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Австриянын Эл аралык жана европалык иштер министрлигинин ортосунда 2015-2016-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0