"РусГидро" ААКтын башкармалыгынын төрагасын Атамбаев кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев "РусГидро" ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды
Алмазбек Атамбаев РусГидро ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Жогорку-Нарын каскадына курулуп жаткан ГЭСтин курулушу тууралуу сүйлөшүлдү.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "РусГидро" ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евгений Дод Алмазбек Атамбаевге Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын негизги энергетикалык объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүү жана чыңдоо, анын энергия иштеп чыгуучу кубаттуулугун арттыруу үчүн бул энергетикалык ири долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун мааниси зор экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0