ЖККУнун ыкчам күчтөрүн Афганистандын чек арасына тартуу керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии
10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык эксперт согушчандар келтирип жаткан кооптуулукту азайтуу үчүн ЖККУнун ыкчам күчтөрүн Тажикстан менен Афганистандын чек арасына тартуу зарыл деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-мар — Sputnik. Согушчандар келтирип жаткан кооптуулукту азайтуу үчүн Жамааттык Коопсуздук келишими Уюмунун (ЖККУнун) ыкчам күчтөрүн Тажикстан менен Афганистандын чек арасына тартуу зарыл деп эсептейт Эл аралык мамилелер боюнча Россиялык Кеңештин коопсуздук боюнча эксперти Никита Мендкович. 

Анын айтымында, полициялык операциялар менен аскерий-аба күчтөрдүн өз ара кызматташуусун күчөтүү зарыл. 

"Афганистанда абал кандай болуп тургандыгын өзүңүздөр билесиздер. Ал жакта кишилер уурдалып, контрабанда күч алууда. Менимче, Тажикстан менен Афганистандын чек арасына ЖККУнун ыкчам күчтөрүн тартуу зарыл. Бул жерде коопсуздук маселесинде Тажикстандын эгемендүүлүгү кооптуулукта турат", — деп айтты эксперт. 

"Ислам мамлекети" террордук уюму "халифат" деп аталып түзүлүп, 2014-жылы жайында сирия-ирак аймагын басып алган. "ИМ" сириялык аскерий күчтөр арасында күч алып, өзүнүн болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгы менен белгилүү болуп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0