Парламенттик шайлоодогу босогону 10%га чейин көтөрүү демилгеси чоң талкууну жаратты

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку кенеш. Архив
Жогорку кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодо босогону 10 пайызга көтөрүү боюнча демилге ЖКнын жыйынында депутаттардын арасында бир топ талкууну жаратып, бир катары учурдагы көпчүлүк коалициянын кызыкчылыгы каралып жатат деген пикирди да айтты.

Бишкек, 25-фев. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин пленардык жыйынында депутаттарга сунушталган парламенттик шайлоодогу босогону 10 пайызга чейин көтөрүү боюнча мыйзамга киргизүүчү өзгөртүүлөр боюнча демилге парламентарийлер арасында чоң талкууну жаратты. 

Депутаттарга бул туурасында түшүндүрмө берген демилгечилердин бири "Ар Намыстын" лидери Феликс Кулов парламентке негизинен 4 партиянын келиши туура деген пикирин билдирди.

"Азыркы биз сунуштап жаткан мыйзамдын негизинде, 10 пайыздык босого менен парламентке төрт партия келиши керек. Азыркы 7 пайыздык босого укуктук-мыйзамдык жактан аягына чейин жакшы иштелип чыкпай калган. Муну менен калсак, шайлоодо бир топ пикир келишпестиктерди пайда кылып, саясий, экономикалык көп тирешүүлөргө алып келет", — деп негиздеди Кулов сунуштап жаткан документин. 

10 пайыздык босого "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоорунда каралган. Анын демилгечилери — депутаттар Чыныбай Турсунбеков менен Феликс Кулов. 

Баяндамачы Куловдун айтымында, мыйзам долбоору теӊдештик системасында шайланган парламенттин туруктуулугун сактоо максатында иштелип чыккан. Ал үчүн шайлоого катышкан саясий партиялар парламентке келүү үчүн жалпы добуштардын 10 пайыздык босогосунан өтүшү керек. 

"Парламенттик шайлоого катышкан партия 65тен ашык мандатка ээ боло албайт. Эгер 10 пайыздык босогодон 1 партия өтсө, ал 65 мандатка ээ болот, калган 55 мандатты 3 партия өз добуштарына жараша бөлүп алат. Демек, парламентке төрттөн кем эмес партия келүүгө тийиш», — деди Кулов.

Баяндамачы мыйзам долбоору көпчүлүк коалициясынын, демек, өкмөт курамынын да туруктуулугун арттырууга багытталганын, андан сырткары чечимдерди кабыл алуу да кыйла ыӊгайлуу болорун айтты. Парламенттеги үч партия көпчүлүк коалицияны түзсө, бир партия оппозицияда калууга тийиш. Алынган добуштардын саны шайлоочулардын тизмеси менен эмес, шайлоого катышкан жарандардын саны аркылуу аныкталат. 

Талкуу жүрүшүндө бир нече депутаттар парламенттик шайлоо жүрүмүн өтө эле татаалдантпай, иштеп жаткан мыйзамдагы 7 пайыздык босогону калтыруу тууралуу пикирлерин билдирди. Ал эми Данияр Тербишалиев жаңы демилге жаш, жаңы партияларга эмес, эскилерине пайдалуу болуп жатат деген пикирин айтты. Буга Кулов өзүнүн негиздемесин айтты. 

"Бул тескерисинче, жаш партиялар үчүн жакшы болот, себеби, алар эл алдында көп нерселерди айтып, кыла турган иштерине элди ишендирип убада бере алышат", — деди "Ар Намыстын" лидери.

Элмира Жумалиева, Ташполот Балтабаев, Абдыманап Кутушев жана бир катар депутаттар сунушталып жаткан мыйзам долбоору парламент курамынын сапатын жакшырта турганын айтышты. 

Парламентарийлерди орто эсеп менен парламенттик шайлоого кете турган каражаттын суммасы кызыктырды. Аларга жооп берип жатып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов өткөнкү шайлоого 230 млн. сом кеткендигин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0