Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен Сочиде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент России Владимир Путин и Алмазбек Атамбаев. Архивное фото.
Президент России Владимир Путин и Алмазбек Атамбаев. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Россиянын Сочи шаарына иш сапары менен жөнөдү.

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын Сочи шаарына иш сапары менен ишембиде жөнөп кеткенин президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрү болжолдонгон. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралмакчы.

Алмазбек Атамбаевдин интервьюда көп колдонгон сөздөрү
РИА Новости маалымат агенттиги маалымдагандай, президенттердин жолугушуусу формалдуу болбойт. Ошондой эле, жекшемби күнү Владимир Путин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен да жолугушат. 

Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берүү менен маалымдаган агенттик, президенттер кайсыл темалар боюнча сүйлөшөөрүн так айткан эмес. Бирок, ишемби күнү Атамбаев менен Путин эки тараптуу кызматташуунун маселелерин жана кризис маалында эки мамлекеттин экономикалык байланышы талкуулана турганы айтылууда. Ошондой эле, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү да каралары маалымдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0