Индира Жолдубаева: эч кимдин буюртмаларын аткарбайм

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовЗаседание фракции СДПК
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш прокурорлукка талапкер Жолдубаева ал үчүн эң башкысы мыйзам экендигин, эч кимдин буюртмасын аткарбай тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. "Мен үчүн мыйзам баарынан маанилүү, эч кимдин буюртмасын аткарбайм", — деди Баш прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева парламенттин жалпы жыйынында.

Шаршемби күнү ЖКнын жыйынында КСДП депутаты Ыргал Кадыралиева "буюртма" менен кылмыш иштерин козгойсузбу деген суроосун берди. 

"Мен үчүн эң башкысы – мыйзам. Бардыгынын башында мыйзам турушу керек, ал эми бирөөлөрдүн "буюртмасын" аткарбайм", — деди Жолдубаева. 

Ал эми депутат Туратбек Мадылбековдун "сунушталып жаткан кызматтан баш тартпайсызбы?" деген суроосуна, бул чечимге жоопкерчилик менен карап, салмактап туруп келгендиктен, баш тартпай тургандыгын айтты. 

Талапкерди парламентке президент Алмазбек Атамбаевдин сунуштап, анын талапкерлиги буга чейин ЖКнын комитеттери жана фракциялары тарабынан жактырылган. 

Мурдагы Баш прокурор Аида Салянова отставкага кетүү боюнча жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0