Акыйкатчынын орун басары ант берип, ишке киришти

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Жамгырчиева Гульнара
Архив: Жамгырчиева Гульнара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКда ант берген Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева мурдагы кесиптештерине Омбудсмен институтуна көз кырын сала жүрүүсүн өтүнүп, алардын бюджетин карап берүүсүн өтүндү.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. КРдин Акыйкатчысынын орун басарлыгына дайындалган Гүлнара Жамгырчиева Жогорку Кеңеште ант берди. Ага парламенттеги кесиптештери жеке өзүнө, адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалашты.

"Гүлнара Оморовна депуттаттык мандатка жеткенге чейин эле ден соолугун аябай, адам укугун коргоп жүргөн, ишиңизге ийгилик каалайбыз. Адамдын укугунун сакталышына мындан ары да чоң салым кошосуз деп ишенебиз", — деди төрага Асылбек Жээнбеков. 

Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева депутаттардан аталган институтка көз кырын сала жүрүүсүн өтүнүп, алардын бюджетин да карап берүүгө суранып жетишти.

"Көп жакшы иштерди биргеликте жасадык. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мындан ары да иштейбиз деген тилектерибиз бар. Акыйкатчы институту сиздерге да өгөй эмес, көз кырыңарды сала жүрсөңөр деп өтүнүп кетем, биздин бюджетти да карап берсеңер", — деди Жамгырчиева.

Жаңылыктар түрмөгү
0