Кыргызстанга электр кубатынын рыногу боюнча мыйзам зарыл

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: монтажник
Архив: монтажник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр кубаты бүгүнкү күндө товар катары саналат жана аны рыноктун талабы менен соодалоо керек. Эксперттердин айтымында, энергосистеманы саясатташтырып жиберишти.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. "Кыргызстанда электр кубатынын рыногу боюнча мыйзам зарыл, ошондо гана бардык маселелер чечилип, саясатташканы да токтойт", — деди "Электросила" ЖЧКсынын директору Али Вадьянов мамлекеттик тариф саясаты боюнча өткөн кереге кеңеште.

Анын айтымында, электр кубаты бүгүнкү күндө товар болуп саналат жана ал рыноктун мыйзамдары менен сатылышы керек. Аталган ишкананын жетекчисинин айтымында, азыр энергосистеманы саясатташтырып жиберишти.

"Азыр мыйзам боюнча иштеш керек, эми рынок мыйзамдары менен иш алып баруу зарылдыгы жаралды. Энергокомпаниялар өз чыгымдарын өздөрү акташы керек", — деди Вадьянов.

"Электр станциялары" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Карыпбек Алымкулов өкмөт кабыл алган тарифтик саясат боюнча концепция бул тармакта эч кандай натыйжа бербей жаткандыгын айтты. 

"2017-жылга чейин тариф өзүнүн баасына чейин жетет. Эки-үч жыл тартифтер менен ремонт да жасай албайбыз, чет элдик кредиттерди да жаба албайбыз. Демек, эч кандай пайда түшпөйт", — деди Алымкулов.

Эксперт Болот Иманалиев бүгүнкү күндө көзөмөл жасала турган, өзүн актабаган бир топ чыгымдар арбын экендигин билдирди. Бул эскилиги кеткен жабдууларга кеткен каражаттар чын эле ошол максатта жумшалып жатабы же жокпу караш керек дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0