Улуттук банк жөнүндөгү мыйзам ББнын талаптарына ылайыкташтырылууда

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук мыйзам жол-жоболору Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирилип жатат

БИШКЕК, 23-янв — Sputnik. Жогорку Кеӊештин депутаты Марат Султанов тарабынан демилгеленген "КР Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечинин айтымында, улуттук мыйзам жол-жоболору Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирилип жатат. 

"Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Улуттук банк тарабынан сырттан ташылып келинген валюталар менен жабдууларга атайын алымдар менен жыйымдар алынууга тийиш. Бирок, парламенттин тармактык комитетинин атайын чечими аркылуу алардын бошотулуп келген. Мына ушул талапты азыр мыйзамдын өзүнө киргизүү сунушталууда. Бажы биримдигинин талабы да ушундай", — деди ал.

Буга чейин да Кыргызстандын бир нече мыйзамдары Бажы биримдигинин талаптары туура келтирилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0